Калаадагы оор саясий кырдаалда, 2020-жылдын 6-октябрында белгисиз адамдар темир эшикти талкалап, сервер бөлмөсүнө кирип, кымбат баалуу шаймандарды талкалап салышкан.

Биз жаңы жабдууларды кабыл алуу жана орнотуу үчүн сервердик тутумду кайра түзөбүз.

Буга байланыштуу, 14-октябрда саат 9:00дөн  26-октябрда саат 8:00гө чейин мэриянын ыкчам чараларды көрүү 185 кызматы, башкача айтканда 1840 жана 1850 кыска номерлери кайрылууларды кабыл албайт.

Урматтуу шаар тургундары! Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткан учурда, Бишкек шаарынын мэриясынын колл-борбору бул номерде кайрылууларды кабыл алат: 0 (312) 591802, 0 (312) 591817.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!