Муниципалдык кызматтар шаарды көрктөндүрүү иштерин улантууда.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын  кызматкерлери жашылдандыруу жана өсүмдүктөргө кам көрүү менен гана чектелбестен, шаардын гүлзарларындагы түтүктөрдү алмаштырышат.

Так ушул тапта биздин кызматкерлер  Т.Сатылганов атындагы  Кыргыз Улуттук Филармониясынын гүлзарларындагы сугат тутумун иретке келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Тилекке каршы, бул түтүктөрдүн мөөнөтү  эбак эле бүткөн жана 1980-жылдардан бери алмаштырылган эмес. Суу түтүктөрү  чирип калгандыктан, азыр алмаштырылууда. Ошондой эле сугат суусу  үчүн керектүү жабдуулар жаңыртылат. Система комплекстүү алмаштырылгандан кийин жоогазын баштары отургузулат.

Эскерте кетсек, жаңы сезондо 100 миңге жакын жоогазын отургузууну пландап жатабыз.

Урматтуу шаардыктар! Жашыл аянттарга аяр мамиле кылыңыздар,  эгерде уурулукка шектүүлөрдү көрсөңүздөр,   милицияга жана 0709399977 номери боюнча "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасына кайрылууну өтүнөбүз.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!