Биз, Бишкек шаарынын мэриясы, расмий түрдө баш калаанын мэринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-мэр Нариман Түлеев бар экендигин билдиребиз. Ал мыйзамдуу түрдө экс-мэр Азиз Суракматов тарабынан дайындалган (КРнын "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамынын 5-пунктунун 1-бөлүгү, 21-беренеси жана 27-беренеси).  А.Суракматовдун кетүү тууралуу арызын  Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров 21-октябрда кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын "Борбордун статусу жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, шаардын мэри кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри мэрдин милдетин аткаруучуну дайындай алат жана шаардын мэринин милдеттерин аткарууну Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлөт. Демек, бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт  жана аткарылат. Кыргызстандын борбору укук талаасында! Расмий түрдө, Бишкек шаардык кеңешинин КСДП, "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата Журт" фракциялары аталган кызматка өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерди колдогон жок жана колдобойт.  

Де-юре жана де-факто Нариман Түлеев биринчи вице-мэр бойдон калууда.

Урматтуу шаар тургундары! Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуп жатат, шаарды башкаруунун айланасында түзүлгөн укуктук боштукту мэрди шаардык кеңештин жаңы курамы шайлаганга чейин чечилбейт. Биз учурдагы көйгөйлөрдү чечишибиз керек, шаардын жашоосун камсыз кылышыбыз керек жана биргелешкен аракеттерсиз шаардын көйгөйлөрүн чече албайбыз. Жыл аягы жакындап калды, 2020-жылдын бюджетин түзөтүп, 2021-жылдын бюджетин бекитүү, 2021-жылдын кеминде 1 кварталына план түзүү керек. Саясатты жана жеке кызыкчылыктарды унутуп, жөн гана иштешибиз зарыл.

Шаарыбызга туруктуулук керек. Бирок, коомчулуктун кеңири нааразычылыгына карабастан, кысым көрсөтүү жана басып алуу аракеттери уланууда. Кызматка талапкер, республиканын мыйзамдарын сыйлабастан, пресс-конференцияларды өткөрүп, мэрдин милдетин аткаруучуну дайындоо маселеси чечилгендигин билдирип жатат.

Мурдагы мэр  шаардык парламенттин демилгеси менен терс себептер менен бошотулган болсо, мэрдин милдетин аткаруучу дайындалса болот. Башка учурларда мэрди шайлоо, ал эми шайлоого чейин анын милдетин мэрдин биринчи орун басары аткарат. Мыйзам боюнча шаардык кеңешке шайлоонун күнү  2021-жылдын апрель айына белгиленген, б.а. алты ай убакыт бар. Ошол учурга чейин, сырттан келген дайындоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузгандык болуп саналат. Талапкерлер! Шайлоого катышып,  шаардыктарды жана Кыргызстандын борборун сүйөрүңүздөрдү жана сыйлай турганыңыздарды далилдеңиздер! Алга!

Келгиле, шаарга кызмат кылалы! 2021-жылдын апрель айында өткөрүлө турган шайлоого катышыңыздар! Шаардыктардын сүйүүсүнө татыктуу экениңиздерди далилдеңиздер!