Ушул оор күндөрдө биз насаатчы жана өмүрүнүн 34 жылын билим берүүгө арнаган,  жүрөгү таза кесиптешибиз күтүлбөгөн жерден мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгы  жөнүндө кайгылуу кабар алдык. Өткөн ишембиде №60 мектептин мурунку директору Даиров Малик Мутагарович көз жумду.

Ал 1959-жылы 16-июнда Фрунзе шаарында төрөлүп, эмгек жолун №4 мектеп-интернатында тарбиячы болуп баштаган, андан кийин 1988-жылы директордун тарбия иштери боюнча орун басары болгон. 1990-1993-жылдары Ленин районунун Билим берүү борборунда жетектөөчү адис, 1993-1995-жылдары №44 мектептин директору, 1998-2004-жылдары билим берүү тутумунда ар кандай кызматтарды аркалаган.

2004-жылдан 2020-жылдын август айына чейин 16 жыл бою Малик Мутагарович №60 мектептин директору болуп иштеген.

Малик Мутагарович жоопкерчиликтүүлүгү, тартиптүүлүгү  жана сүйүктүү ишине болгон берилгендиги менен айырмаланып турчу. Ал жөнөкөй мугалимден мектептин директоруна чейин даңктуу жолду басып өттү.

Бул баарыбыз үчүн чоң жоготуу ...

Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жамааты Малик Мутагаровичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жаткан жери жайлуу болсун!

Бишкек шаардынын мэриясы