Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева райондук билим берүү борборлорунун жана мектеп директорлорунун катышуусунда  билим берүүнү реалдуу убакыт режиминде калыбына келтирүү маселеси боюнча жолугушуу өткөрдү.

Күн тартибинде эки маселе каралды: COVID-19 жайылуусунун алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритминин сакталышын камсыз кылуу жана билим берүү процессин пландаштыруу.

COVID-19 пандемиясынын шарттарын милдеттүү түрдө сактоону жана билим берүү уюмдарында окуучулардын жыштыгын эске алуу менен, мектептерди кайрадан ачуу мүмкүнчүлүгүн талкууладык. Варианттардын бири: 1, 2, 5, 9 жана 11-класстар үчүн оффлайн окутууну баштоо, ар бир класс эки топко бөлүнөт, ар бир топ жумасына 3 жолу окутулат. Бирок дене тарбия, музыка, технология жана аскерге чакыруу алдындагы даярдык сабактары онлайн режиминде ишемби күндөрү өткөрүлөт.

Бул учурда ар бир мектепте бардык санитардык нормалар так сакталат: киргизүү чыпкаларын милдеттүү түрдө орнотуу, класстарды, жайларды системалуу түрдө желдетип туруу, маска режимин сактоо жана ар бир баланын, мугалимдин ден-соолугуна байланыштуу журналды жүргүзүү.

Билим берүү башкармалыгы шаардык штабга, комиссияларга маселени андан ары карап чыгуу боюнча сунуш киргизет.