Калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева №1 шаардык клиникалык оорукананын жана №2 клиникалык төрөт үйүнүн иши менен таанышты.

А.Чыныбаева "кызыл зонанын" дарыгерлеринин иштөө шарттарын, медициналык уюмдардын имараттарынын абалын жана жеке коргонуу каражаттарынын запасын, дары-дармектерин текшерди. Резервдер 1,5-2 айга жетет.

Дарылоо процесси жана медициналык жардам көрсөтүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмдерине ылайык уюштурулган.

2-ноябрга карата №1 шаардык клиникалык ооруканада COVID-19 менен ооругандар үчүн 92 орун, №2 төрөт үйүндө 20 орун даярдалып, учурда бош орундар бар.

Бактыга жараша, көптөгөн бейтаптар өздөрүн жакшы сезип жатышат.

Текшерүү уланууда ...

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!