Бишкек шаарынын мэриясында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин жетекчилиги алдында, райондук администрациялардын башчыларынын, шаардык кызматтардын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда кезектеги пландык жыйын өткөрүлдү.

Б.Түлөбаев командага жаңы жетекчини, "Бишкек санитардык полигону" муниципалдык ишканасынын  жаңы директору Кутманова Динара Асиевнаны тааныштырды.  Башка дайындоолор бул шилтемеде: https://www.meria.kg/ru/post/21042.

Биринчиден, шаардын мэринин милдетин аткаруучу ар бир вице-мэрдин профилдик багыттарындагы пландарынын аткарылышына токтолду. Алардын негизги багыттарынын бири - COVID-19 менен күрөшүү.

Борбор калаада эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Ковид-19 жана пневмония менен ооругандардын саны 20 миң 504 учурду түзсө, анын 112си акыркы суткада катталды.

10-октябрдан баштап өзүн-өзү диагностикалоо боюнча 118 ишеним телефону калыбына келтирилди, учурда  ар бир райондо 2ден, жалпысынан 8 линия иштеп жатат. Бир айга жетпеген убакыттын ичинде 2723 чалуу келип түштү, анын ичинен 1505 чалуу COVID - 19га байланыштуу.

Эпидемиологиялык абал курчуп  кеткен учурда 1 миң 450 орундуу 26 стационар даярдалды.

Башкы санитардык дарыгер Кубан Кундашев ҮМБда бүгүнкү күнгө чейин 58 миңден ашуун адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткөнүн билдирди.

Б.Түлбаев ири базарларда сасык тумоого каршы комплекстүү эмдөө жүргүзүүнү сунуштады, маселе район акимдеринин көзөмөлүндө.

Социалдык маселелер боюнча вице-мэрге оорулардын саны кескин көбөйүп кеткен учурда ыктыярчылар жана дарыгерлер менен иштөөнүн алгоритмин толугу менен даярдоо тапшырылды.

Урматтуу шаар тургундары! Борбор калаада эпидемиологиялык абал курч, оорунун көбөйүшү байкалууда. Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Маска кийип, колуңуздарды таза кармап, аралыкты сактаңыздар. Ушул үч жөнөкөй кадам COVID-19дан коргой алат. Сак болуңуздар, пандемия али бүтө элек.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!