Борбордун социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева Бишкек шаарынын тез жардам медицина борборунун  ишин текшерди.

Тез жардам кызматы кадимки режимде иштеп жатат. Бүгүнкү күндө тез жардам борборунун штаттык ырааттамасы боюнча күнү-түнү 32-33 мобилдик топ  чыгууда, анын 22си адистештирилген, 17си линиялык (медициналык). 47 унаа бирдиги тейлөөгө жарактуу.

1-ноябрдан 2-ноябрга карата шаардын тургундарынан 1 462 чалуу катталган,  372 адам адистердин кеңешин онлайн түрдө алышкан, ыкчам медициналык жардам алуу үчүн - 471  кайрылуу түшкөн, тез жардам  кызматынын адистери 357 чакырууга барышып, анын ичинен 91 учуру борбордун ооруканаларына жаткырылылган.

Бүгүнкү күндө бригадалардын жетишсиздиги, кадрлардын алмашуусу, алардын адистештирилген даярдыгы  жана тез жардам борборлорунун подстанцияларынын жетишсиздиги боюнча курч маселелер бар.

Урматтуу шаардыктар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам  көрүңүздөр!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!