Баардык күчтөрдү бириктирип, шаар КОВИД-19 менен күрөшүүнү улантат. Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева, борбордун  социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева  жана ыктыярчылар  биргеликте ишти  координациялоо  боюнча  маселелерди талкуулашты.

Жолугушуулар кечээ, бүгүн болуп өттү. Ага дарыгерлер, ыктыярчылар, ишкерлер, инфлюенсерлер жана Кыргыз Республикасындагы Улуттук Кызыл Ай Коомунун өкүлдөрү катышты, алар КОВИД-19 жайылышынын туу чокусу учурунда шаардыктарга жардам берген жана борборго дагы жардам берүүгө даяр.

Ыктыярчылар борбордогу эпидемиологиялык  кырдаал курчуп кетсе, керектүү нерселердин бардыгын өз убагында сатып алып, медициналык бөлүмдөрдү   даярдап туруу үчүн күндүзгү стационарды текшерип, ооруканаларды материалдык-техникалык жактан камсыз болушун текшерүүнү сунушташты. Эскерте кетсек, мэрия калаага 1450 орунду 26 стационар даярдаган.

Ишти натыйжалуу координациялоо жана калаанын төрт районунда күчтөрдү бирдей бөлүштүрүү үчүн, вице-мэр ыктыярчылар көрсөтүүчү  жардамдардын түрлөрүн  бирдиктүү базасын түзүүнү сунуштады: медициналык-ыктыярчылар, айдоочу- ыктыярчылар, гуманитардык колдоо көрсөтүүчү  ыктыярчылар.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева  шаардык кызматтарга санариптештирүү боюнча жумушту күчөтүүнү тапшырды, анткени бул борбордун ачык-айкын иштешинин бирден бир гана чечими.
Бул багыттагы жолугушуулар шаардыктар менен дайыма өткөрүлүп келет.

Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!