Вице-мэр Азиз Алымкуловдун транспорттук блок менен болгон жумушчу жолугушууларынын жыйынтыктары.

Автобустарды, троллейбустарды жана кичи автобустарды жалпы дезинфекциялоо иштери жанданды.

Отургуч туткалары, руль, панелдер жана кире бериш эшиктер атайын иштетилген хлорамин эритмелери менен тазаланат. Маска режимин сактоо боюнча айдоочуларга жана унаа жуугуч кызматкерлерине кошумча көрсөтмөлөр берилет, акыркы аялдамаларда автобус жана троллейбус салондорун максималдуу желдетүү менен аба-жылуулук режими камсыздалат.

Борбор калаанын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын алдындагы мобилдик топтор коомдук транспорттун салондорун күн сайын санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын текшерип турушат.
Урматтуу шаардыктар! Коомдук транспортто ар бир шаар тургуну сөзсүз маска кийүүсү керек!

Коомдук транспорттун иши боюнча төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар:

• Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы: 0550143637;

• Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорту ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753, 0772 173 743 WhatsApp;

• Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700 411905

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!