Урматтуу шаардыктар! Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын Жаңы жылдык салюттан баш тартууга чакырат. Мындай чечим  жаңы жылдык жасалгалоону даярдоо боюнча жумушчу жыйында борбор калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева менен биргеликте кабыл алынды.

Эпидемиологиялык оор кырдаалды эске алып, шаар чыгымдарды оптималдаштырышы керек, буга байланыштуу биз жаңы жылдык фейерверктерден баш тартуу, жаңы жылдык жасалгаларды, инсталляцияларды кайрадан карап чыгып, светодиоддук лампалардын иштөө абалын текшерип, аларды колдонуу чечимине келдик.

Мындан улам, адистерге борбордук "Ала-Тоо" аянтында жана шаар көчөлөрүндө жаңы жылдык жасалгалоосун жана балатынын эскизин даярдоо тапшырылды.

Белгиленген тартипке ылайык, үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана ардагерлерге жаңы жылдык белектерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу каралды. Белгилей кетсек, жыл сайын шаардык муниципалитет балдарды Жаңы жылы менен куттуктап, балдарга: мыкты окуучуларга, ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрүнө жана активисттерге, көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, ЧПЭСтин катышуучуларынын балдарына, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга белектерди таратат.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!