Шаар тургундарын COVID-19дон коргоо боюнча иштер улантылууда. Биринчи май райондук администрациясынын  Экономика жана финансы бөлүмүнүн кызматкерлери  Санитардык-экологиялык инспекциясы жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, РИИБ  менен биргеликте  Орозбеков, Баялинов көчөлөрүндө  жана Жибек-Жолу проспектисинде жайгашкан коомдук тамактануу жайларындагы санитардык эрежелердин сакталышын текшеришти.

20га жакын мекеме текшерилди. Бактыга жараша, кафе-ресторандар көбү пандемиянын жаңы шарттарында иштей баштаган, бирок бир катар чарбалык субъекттер санитардык эрежелерди бузуп жаткандыгы, алардын арасында Орозбеков көчөсү, 60 дарегинде жайгашкан «Чайна Таун» кафеси санитардык талаптарды бузган. 

Администрацияга карата Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 150-беренесинин 1-бөлүгү боюнча 5 миң сом айып пул менен протокол түзүлдү.

Ошондой эле, Ж.Жолу проспектиси, 545 дарегинде жайгашкан "Мира" кафесинде санитардык талаптар  бузулгандыгы аныкталды. Санитардык дарыгерлер ушул эле берене боюнча административдик протокол түзүштү.

Санитардык рейддер уланууда.

Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сураныч, санитардык эрежелерди сактаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!