Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында  калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ишкерлер, ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолукту.

Биз шаардагы эпидемиологиялык кырдаалды жана коомдук тамактануучу жайлардын, кафелердин, ресторандардын жана банкет залдарынын коопсуз иштешинине мүмкүн болгон алгоритмдерин талкууладык.
Эске салсак, тойкана жана башка көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгүнө дагы эле тыюу салынган, анткени оору күч алып, элдин көп чогулушу кооптуулук жаратат.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору 11-ноябрга карата COVID-19 жана пневмония менен ооругандардын саны 21,810 учур болгонун билдирди. Эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, бирок абалдын жакшырышы байкала элек. Азырынча жарандар санитардык эрежелерди: беткап кийүү, колду тазалоо, аралыкты сактоо жана массалык иш-чаралардан алыс болуу эрежелерин так сакташы керек.

Банкеттик ресторандар жана иш-чараларды уюштуруучулар ассоциациясынын төрагасы Муратбек Арыстанов ишкерлердин банктарга ири карыздары бар экендигин, алар салык төлөшү керек экендигин билдирип, банкет залдарын текшерүү боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуш кылды, алардын саны өлкө боюнча 156га жакын.
Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ишкерлердин сунушун колдоду, ишкерлер коопсуз ишти уюштурууга жоопкерчиликтүү мамиле жасаса,  муниципалитет ресторан бизнесине жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Б.Түлөбаев жумушчу топ түзүп, 10 күндүн ичинде банкет залдарынын иштөө шарттарын текшерип чыгууну тапшырды. Топтун төрайымы болуп социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева дайындалды, топтун курамына ишкерлер, рестораторлор, райондук акимиаттардын, санитардык-экологиялык инспекциянын ИИБдин, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер киришет.

"Биринчиден, ресторандын иштөө алгоритмин жаңыртуу зарыл: милдеттүү түрдө кирүү фильтрлери, кызматкерлердин ден-соолугуна туруктуу көзөмөл жүргүзүү, ПЦР-тестирлөөсү, жайларды зоналарга бөлүштүрүү жана башкалар. Биз пандемия шарттарында  жашоону жана шаардын экономикасын сактап калууну үйрөнүшүбүз керек", - деди Б. Түлөбаев.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!