Мектептин долбоордук кубаттуулугу 960 окуучулук орунду түзөт. Окуу жылынын башталышына карата окуучуларды  комплекттөөдө 1483 окуучуну түздү, анын ичинде 890 баштапкы мектептин окуучулары.


Мурда конушта жашаган балдар жакын жайгашкан «Ак-Бата», «Келечек» жана «Эне-Сай» конуштарынын мектептеринде билим алышчу.


Мектептин аянты 1,81 га түзөт. Курулушуна 180 млн. 876 миӊ сом бөлүнгөн.


Жаӊы мектеп 26 класстан жана жертөлө кабатында актовый жана спорттук зал, универсалдуу устаканадан турат.


Мектептин салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев жана Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышты.


Президент баштапкы мектеп  үчүн керектүү китептерди алууга 1 млн.сом жана чоӊ класстар үчүн эки мультимедиялык жабдуулардын комплектин белек кылды.