Шаар COVID-19 менен күрөшүүнү улантууда. Бүгүн Бишкекте ыктыярдуу дарыгерлердин жана ыктыярчылардын жалпы  республикалык штабы ачылды.

Бүгүнкү күндө мекендештерге биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн 20 ыктыярдуу кыймыл, 15 коомдук фонд, кайрымдуулук жана өкмөттүк эмес уюмдар биригишти.

Берилген жардам түрүнө жараша ыктыярчылардын бирдиктүү базасы түзүлдү: медициналык ыктыярчылар, ыктыярдуу айдоочулар, гуманитардык колдоо көрсөтүү үчүн ыктыярчылар. Биз ыктярчылар менен  жолугушуп, уюштуруу маселелерин чечип, биргеликте иштей баштадык.

Бир айдын ичинде Бишкек шаарынын мэриясы менен мындан ары кызматташуу боюнча фонддордун, уюмдардын, кыймылдардын ортосунда меморандумга кол коюу пландаштырылууда.

Штаб Ибраимова көчөсү, 100 дарегинде жайгашкан (Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилиши).

Бишкек сүйүктүү ынтымактуу шаарыбыз!