COVID-19 өлкөгө жайылган алгачкы күндөрдөн баштап, Бишкекте дарыгерлер шаарды коргоодо турушту. Тез жардам борборунун дарыгерлерине, фельдшерлерине, диспетчерлерине жана айдоочуларына оор жүк түштү, алар эч нерсеге карабастан, адамдардын өмүрү үчүн көзгө көрүнбөгөн душманга каршы күрөштө алдыңкы сапта болуп, ар бир мүнөт сайын өздөрүнүн ден-соолугун жана өмүрүн тобокелге салышты.

Бүгүн, калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева шаардык тез жардам кызматына А класстагы алты жаңы тез жардам унаасын тапшырды.

Россияда чыгарылган «Соболь» унаалары жалпы тез жардам бригадасына арналган. Алар бардык керектүү дарылоо-диагностикалык жабдуулар менен: бейтапты кычкылтек менен камсыз кылуу, электрокардиографтар, небулайзерлер, дары-дармектерди сактоочу чемодандар менен жабдылган.

Учурда шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын автопаркынын балансында 54 автоунаа бар, анын ичинен 13ү колдонуудан чыгарылууга тийиш, ошондой эле 8 атайын унаа медициналык тез жардам борборуна катталган. Баса, бир күндө орто эсеп менен 31-34 бригада ишке чыгышат.

Атайын унаалар «Вираж» компаниясы тарабынан 13,7 миллион сомго жеткирилип, каражат шаардык бюджетте каралды.

Эскерте кетсек, ушул жылдын июнь айында шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы Бишкек шаарындагы медициналык тез жардам борборуна А класстагы алты тез жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялаган.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!