Борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Биз баарыбыз биригип, ковид-19 жана пневмония менен күрөшүүнү улантып жатабыз.

«Сорос-Кыргызстан» Фонду шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгына жеке коргонуу каражаттарын берди: 14,500 жуп медициналык мээлей жана 432 литр антисептик.

Коргоо каражаттары үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун төрт райондогу мобилдик топторуна, тез жардам борборуна жана №1 шаардык клиникалык ооруканасына таратылып берилет.

Good Neighbors International  Эл аралык уюму борборго 4 миң медициналык бет кап жана 480 даана KN-95 респираторун белек кылды.

Эске салсак, COVID-19 оорусу тарагандыгы тууралуу алгачкы билдирүүлөрдөн баштап, шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы  шаардыктарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн мобилдик топторду түзгөн.
25-марттан 18-ноябрга чейин өзүн-өзү диагностикалоо  118- Call-борборуна жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун ишеним телефондоруна келген кайрылуулар боюнча  мобилдик топтор 46104 жолу сапар жасашып,  46 миң 361 адамдан ПЦР изилдөө үчүн мазокторду алышты.

Бүгүнкү күндө шаарда 18 мобилдик бригада иштеп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы ушундай оор учурда жардам бергендиги үчүн «Сорос-Кыргызстан» Фондуна жана Good Neighbours International уюмуна  чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

Урматтуу шаар тургундары! Сураныч! Өз алдынча дарыланбаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!