Калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаевдин тапшырмасы менен шаардык кызматтар бекитилген тапшырмаларды аткаруу жана салык карыздарын кыскартуу боюнча иштерин күчөтүштү.

Курамында райондук  акимиаттардын, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жана райондордогу МСКБнын кызматкерлеринен турган  мобилдик бригадалар транспорт салыгын төлөө боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

Кыймылдуу мүлккө салык төлөөдөн качкан унаа ээлерин аныктадык, жыйынтыгында  Ленин районунун Салык кызматынын кызматкерлери транспортко салыктарды төлөбөгөндүгү боюнча 4 акт, патрулдук милиция кызматы тарабынан Белгиленбеген жерге унаа токтотуудагы бузуулар жөнүндө кодексинин 123-беренеси 1-1 б. боюнча 5 протокол түзүлдү.

Рейддер Биринчи май районунун аймагында өткөрүлүп,  эки күндүн ичинде 140ка жакын унааны текшердик, рейд учурунда эки эреже бузуу актысы түзүлдү.

Учурда Свердлов жана Октябрь райондорунун аймагында текшерүү иштери улантылып жатат.

Урматтуу унаа ээлери! Транспорттук салыкты төлөө мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрында аяктагандыгын эсиңиздерге салабыз, андыктан салыктарды мүмкүн болушунча эртерээк төлөөнү өтүнөбүз.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!