Бүгүн, борбор калаанын социалдык саясат боюнча вице-мэри Айжан Чыныбаева Казакстан Республикасынын биринчи президентинин Н.А. Назарбаевдин күнүнө арналган “G-Global XXI кылымдын дүйнөсү” эл аралык конгрессинин алкагында “Дүйнөлүк Жибек Жолу - шаарлардын мэрлеринин форуму” эл аралык форумуна катышты.

Жолугушуу онлайн форматта өттү. Иш-чарага Казан шаарынын мэри, БУУнун жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча эл аралык консультативдик комитетинин төрагасы Ильсур Метшин, Ляньюньган шаарынын (КЭР) вице-мэри У Хайюнь, Сиань (КЭР) шаарынын вице-мэри Ма Сяньпин, Минск аймактык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Николай Рогащук, Самарканд шаарынын акими Бобурмирзо Облакулов жана Париждин мэринин эл аралык байланыштар жана франкофония иштери боюнча орун басары Арно Нгача катышышты.

А.Чыныбаева борбордук муниципалитеттин төмөнкү багыттардагы ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди: “Бир алкак - бир жол” долбоорун илгерилетүү боюнча өнөктөштүк, Жибек Жолу өлкөлөрүнүн элдеринин ортосундагы достукту чыңдоо, шаардык туризм жана сооданы өнүктүрүү, экология, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана smart city технологиясын киргизүү.

Эл аралык G-Global Катчылыгы - бул "Илимпоздордун Евразиялык экономикалык клубу" Ассоциациясынын базасында түзүлгөн, бейөкмөт уюм, ал дүйнөлүк экономиканын туруктуулугун жогорулатуу, аны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, муниципалитеттердин ортосундагы мамилелерди чыңдоо, жалпы долбоорлорду түзүү, кеңири талкуу жүргүзүүгө бардык кызыкдар өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын консолидациялоого жана глобалдык, аймактык коопсуздук, инклюзивдүү өнүгүү жана адам капиталы боюнча чечимдерди табууга багытталган.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!