Свердлов районунун акими Мурат Осмонов «Бакай-Ата»  конушундагы үйү өрттөнүп кеткен көп балалуу үй-бүлөгө жардам көрсөтүү боюнча райондук  кызматтардын башчылары менен чукул жыйын өткөрдү.

16-ноябрдан 17-ноябрга караган түнү «Бакай-Ата» жаңы  конушундагы үч балалуу үй-бүлө жашаган   жер тамдан  өрт чыккан.  Бактыга жараша, эч ким жабыркаган жок, бардыгы аман-эсен. Азыр үй-бүлө досторунун үйүндө убактылуу жашап жатышат.

Өрттүн чыгышына жылыткычтын жарылышы себеп болгон. Тилекке каршы, 48 чарчы метр аянттагы үйдүн чатыры күйүп, бардык тиричилик техникалары, эмеректер, жеке буюмдар, документтер жана акчалар өрттөнүп кеткен.

Район башчысы Мурат Осмонов №21 МАБдын  башчысына үйлөрдү милдеттүү түрдө камсыздандыруу жана электр шаймандарын этияттык менен колдонуу  боюнча тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле документтерди калыбына келтирүүгө жана үй-бүлөнү колдоо үчүн ыктыярдуу акча чогултууну  уюштурууга жардам берүү тапшырылды.

Райондук акимиат жана профсоюз  комитети райондук  администрациянын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акыларын которуу жана каражат бөлүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгат.

Материалдык жардам көрсөтүү маселесин райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгы карайт.
Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиздер аталган  үй-бүлөгө жардам берүүнү кааласаңыздар 0709180677, 0702411901 Жылдыз жана Мээрим номерлери аркылуу байланышсаңыздар болот.

Урматтуу шаар тургундары! Үйлөрдү, батирлерди  камсыздандырууңуздарды суранабыз.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!