Октябрь айында мэриянын  билим берүү башкармалыгынын  адистери табигый-математикалык жана гуманитардык багыттагы предметтер боюнча Бишкек шаарындагы мектептерде аралыктан окутуу шартында мамлекеттик стандарттын аткарылышын текшеришти.

Дистанттык окутууну талдоо төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлдү:

1. Билим берүү уюмдарынын ченемдик укуктук документтери;
2. Окуу процессин окуу-методикалык камсыздоо;
3. Окуу процессин ресурстук камсыздоо;

Натыйжада, бардык мектептер төрт категорияга бөлүндү:

• 26 мектеп окуучулар үчүн аралыктан билим берүүнүн жогорку деңгээлин көрсөттү;
• 40 мектеп жакшы деңгээлди көрсөттү;
• 18 мектеп орточо деңгээлди көрсөттү;
• Эки мектеп билим деңгээлинин начардыгын көрсөттү.

Борбор  калаада  97 мектеп жана 87 бала бакча бар, анда 7200дөн ашуун мугалим жана 1370 тарбиячы эмгектенет.

Белгилей  кетсек,  өткөн окуу жылынын төртүнчү чейрегине салыштырмалуу үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегиндеги  дистанттык окутуу жогорку деңгээлде өттү. Баарыбызга - ата-энелерге, балдарга жана мугалимдерге - жаңы билим берүү тутумуна тез көнүп кетишибиз талап кылынды  жана бул процесстин ар бир катышуучусу үчүн стресс болду. Бирок кандай гана болбосун, биз пандемия шарттарында  жашаганды үйрөнүшүбүз керек.

Урматтуу ата-энелер! Оор кырдаалда балдарыңыздарга түшүнүү менен мамиле кылууну, жардам берүүңүздөрдү суранабыз.  Үй тапшырмаларды биргелешип ишке ашыруу  өнөктөштүктү, ата-эне менен баланын ортосундагы достук мамилени жаратат.

Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!