Көрктөндүрүү жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо боюнча шаардык кызматтардан турган комиссия Орто-Сай базарынын текшерип чыгышты.

Биз базардын администрациясы, архитекторлор жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын жеңил объектилер бөлүмүнүн адистери менен биргеликте базардын коопсуздугу боюнча маселелерди,  соода комплексинин периметри боюнча тосмолордун болжолдуу долбоорун  талкууладык.

Жолугушуунун жыйынтыгында тосмолордун деталдуу долбоорун иштеп чыгуу жана Орто-Сай базарынын аймагын жакшыртуу боюнча биргелешкен иш алып баруу чечими чыгарылды.

Текшерүү иштери улантылууда.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым байланышта! Бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кабыл алат, көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp  колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жибериңиздер.

Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!