Калаанын социалдык маселелер боюнча вице-мэри  Айжан Чыныбаева Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтин Бүткүл дүйнөлүк кеңешинин онлайн жыйынына катышты

Жыйындын алкагында ковиддик доорду жана тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн (теңсиздик көйгөйлөрүн чечүү, айлана чөйрөнү жакшыртуу, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү каржылоо)  өзгөчө мааниге ээ болгон Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтин Бүткүл дүйнөлүк кеңешини Декалог маселелери, саясий талкуулар өткөрүлдү.

Вице-мэр А.Чыныбаева БУУнун туруктуу өнүктүрүү 17 максатын ишке ашыруунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтин Бүткүл дүйнөлүк кеңеши- жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына болгон укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында 2004-жылы түзүлгөн ассоциациялардын, бирликтердин жана айрым муниципалитеттердин ыктыярдуу эл аралык бирикмеси.

Бишкек шаары  аталган уюмга 2008-жылдан бери мүчө.

Бишкек -  достуктун шаары!