Октябрь районунун башчысы Константин Куценконун төрагалыгы астында Октябрь РИИБдин өкүлдөрүнүн катышуусунда ресторан бизнеси жана көңүл ачуучу мекемелердин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрүлдү.

Шаарыбыздагы эпидемиологиялык кырдаалды жана коомдук тамактануучу жайлардын, кафелердин, ресторандардын жана банкет залдарынын коопсуз иштешинин мүмкүн болгон алгоритмдерин талкууладык.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору эпидемиологиялык абал курч бойдон калып жаткандыгын, азырынча олуттуу жылыш байкала электигин билдирди. Буга байланыштуу  шаардыктар  санитардык эрежелерди так сакташы керек: беткап кийип, колду тез-тез тазалоо, антисептик колдонуу,  аралыкты сактоо жана массалык иш-чаралардан алыс болуу.

Жолугушуунун жыйынтыгында Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы, Бишкек шаарынын СЭИ, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, райондук администрация жана ишкерлер, ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен биргеликте жумушчу топ түзүү жана банкет залдарынын иштөө шарттарын текшерүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

Эскерте кетсек, тойкана жана башка көңүл ачуучу жайлардын ишмердүүлүгүнө дагы эле тыюу салынган, анткени эл көп чогулган жерлерде оорунун жайылып кетүү коркунучу бар.

Урматтуу шаар тургундары!  Санитардык эрежелерди сактаңыздар! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр! Вирус кооптуу...

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!