Бишкекте Кыргыз Республикасында табигый кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө арналган чыгармачыл сынактын катышуучуларын сыйлоо аземдери болуп өттү.

Чыгармачыл сынакка катышкан мектеп окуучулары өзүлөрүнүн чыгармачыл иштерин, сүрөт, эссе даярдашты. Жеңүүчүлөргө белектер жана грамоталар тапшырылды.

Биринчи май районунда төмөнкүлөр жеңишке ээ болду:
-Муратова Медина - № 49 мектеп,
-Мажинова Эбрал - № 49 мектеп,
-Калыкова Айгерим - №49 мектеп,
-Түркбаева Акмарал - №49 мектеп,
-Канатбекова Асемай - №49 мектеп,
-Жумабак кызы Адеми - №81 мектеп,
-Сабытова Индира - №81 мектеп,
-Карагулова Асема - №81 мектеп,
-Уранова Уулжан - №81 мектеп,
-Дайырбекова Айдеми - №81 мектеп,
-Пинигина Александра - №19 мектеп.

Октябрь районунда 7 мектептин жана балдардын чыгармачылык борборунун 32 окуучусуна жана сынактын жеңүүчүлөрүнө эстеликке белектер тапшырылды.

Эске салсак, Кыргыз Республикасында Кырсыктардын коркунучун азайтуу күнү 2017-жылдан бери жыл сайын 5-октябрда белгиленип келет. 5-сентябрдан 5-октябрга чейин жарандардын табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын коркунучу жөнүндө кырсыктардын тобокелдигин азайтуу чаралары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу боюнча бир айлык өткөрүлөт.

Бишкек - сүйүктүү коопсуз шаар!