Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин тапшырмасы боюнча, борбор шаарыбыздын вице-мэри Азиз Алымкуловдун жетекчилиги астында Жер ресурстар башкармалыгынын кызматкерлери, шаардыктардын 1999-жылга чейин жана андан кийин курулган азыркы турган жеке турак үйлөрүнүн жер участокторун мыйзамдаштыруу боюнча маселелерин чечүүдө.

15 күндүн аралыгында ЖРБда комиссиянын жыйындары өткөрүлүп, анда жеке турак жай  куруу маселелери боюнча 189 жарандын арыздары каралды. Кайрылуулардын көпчүлүгүндө оң чечим чыгарууга мыйзамдуу негиздер бар.

Жакында эле 20-ноябрда үч үй-бүлө Бишкек шаарынын мэриясынын токтомун алып, ага ылайык, үйлөрүнө укук белгилөөчү документтерди ала алышат.

Бул багытта иштер уланууда.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!