Шаар өз ишин улантууда. Бир айдын ичинде мэриянын билим берүү башкармалыгынын  адистери бала бакчаларды Кыргыз Республикасынын "Мектепке чейинки билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдарды кароо" мамлекеттик стандартына шайкештигин текшеришти. Текшерүү төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлдү: мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин иш кагаздарын жүргүзүү, топторду толуктоо, коррупциянын алдын алуу жана иштеги кемчиликтер.

Биз 87 бала бакчанын ичинен 54 бала бакчаны: Биринчи май районунда - 9, Свердлов районунда- 14, Ленин районунда-10 жана Октябрь районунда -21 бала бакчаны камтыдык.

Мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору мектепке чейинки билим берүү мекемесинде иш кагаздарын уюштурууга, документтердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышына, алардын аткарылышына жана сакталышына жооп берет.

Балдарды бала бакчага киргизүү  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин https://balabakcha.edu.gov.kg  порталы аркылуу электрондук каттоонун негизинде жүргүзүлөт.

Жыйынтыгында биз көрсөткүчтөрдү  4 деңгээлге бөлдүк:
1. Жогорку деңгээлдеги көрсөткүчтөрдү 7 бала бакча кабыл алды;
2. Ортоңку деңгээл - 30 бала бакча;
3. Начар  деңгээл - 11 бала бакча;
4. 6 бала бакчада иштин деңгээли төмөн.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин бардык жетекчилерине бала бакчалардын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтерге ылайык, педагогикалык жамааттардын ишин жакшыртуу тапшырылды. Мугалимдер ар бир баланын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен онлайн режиминде балдар менен сапаттуу ишти уюштурушу керек.

Шаардык билим берүү тутумунда 87 бала бакча иштейт.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!