Шаар мэринин милдетин аткаруучу  Балбак Түлөбаев өрттөнүп кеткен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ордунда долбоорлоо-изилдөө иштерин  жүргүзүүгө каражат бөлүү жөнүндө буйрук чыгарды.

Белгилей кетсек, имарат борбордук мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында. Муниципалдык мүлк башкармалыгынын арызы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо институтунан ушул имараттын курулуш конструкциясынын  учурдагы абалы жөнүндө техникалык корутунду алынды.

Буйруктун негизинде тапшырыкчы - техникалык тапшырманы иштеп чыга турган мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы  аныкталды.

Жакынкы аралыкта техникалык корутундуга жана шаар куруу документтерине ылайык долбоорлоо иштерин жүргүзүүгө тендер жарыяланат. Биз сизди кабардар кылып турабыз.

Эскерте кетсек,  Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Орозбеков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мурдагы имараты 2010-жылдагы апрель окуялары учурунда өрттөнүп кеткен.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!