Урматтуу шаар тургундары! Суук аба ырайы жана жылытуу мезгили башталганда, абанын булгануу деңгээли  жогорулайт. Себеби, атмосферанын өзүн-өзү тазалоо жөндөмү төмөндөп, бардык чыгындылар, анын ичинде унаалардан чыккан газдар, үйлөрдү, жайларды, мончолорду жана сауналарды жана башка объектилерди жылытуудагы чыккан чыгындылар.  Шаардыктар көмүрдүн ордуна үйлөрүн жана мончолорун таштанды жана резина менен жылыта баштаганда абанын сапатынын абалы начарлайт.

World Air Quality Index, AirVisual, PurpleAir, Lufdaten.info сыяктуу аба-ырайынын булганышы боюнча он-лайн режимде маалымат берген чоң карталарда аба-ырайынын сапатынын Индекси (Air Quality Index же AQI)   тууралуу маалымат  0 дөн 500 гө чейинки түстүү шкала менен көрсөтүлөт. Көрсөткүч канчалык жогору болсо, аба ошончолук көп булганган деп эсептелинет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын веб-сайттарында абанын булгануу деңгээли концентрация катары көрсөтүлөт (миллиграмм / куб метр - мг / м3 же микрограмм / куб метр - мкг / м3, µг / м3).

Диаметри 2 микрометр болгон майда бөлүкчөлөрдүн концентрациясы үчүн абанын булгануу деңгээли, б.а. PM2.5 үчүн төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
• (0-12 мкг / м3) - коопсуз;
• (12-35 мкг / м3) - канааттандырарлык;
• (35-55 мкг / м3) - сезимтал топ үчүн кооптуу;
• (55 мкг / м3 жана андан жогору) - кооптуу.

Сүйүктүү бишкектиктер! Пандемия шарттарында өзүбүзгө жана бири-бирибизге кам көрөлү!

Алгач, биз шаардыктардан сезимтал топко кирген туугандарына (балдар, карылар, жүрөк жана өпкө оорулары бар адамдар) кам көрүүнү суранабыз, атап айтканда:
- ар бир көчөгө чыкканга чейин абанын сапатын текшерип,
- стандарттык белгилери бар (N95, 99, 100) дем алуу маскаларын кийүү, мында 95%, 99% жана 100% га чейинки майда бөлүкчөлөрдү кармоодо маска натыйжалуулугун көрсөтөт. Ошондой эле буга окшош FFP2 жана FFP3 стандарттары бар маскалар.
- абанын сапатынын индексинин таблицасында булгануу деңгээли боюнча жазылган жөнөкөй сунуштарды аткарыңыздар;
- түтүн учурунда терезелерди ачпаңыздар  жана үйдө абаны тазалагыч, нымдаштыргыч сыяктуу абаны тазалоочу шаймандарды колдонуңуздар.

Абанын сапатын байкоо үчүн, төмөнкү веб-сайттарды карап, уюлдук телефондор үчүн атайын тиркемелерди орнотуп алууга болот, аларды Play Market, App Store көчүрүп алыңыздар.

Жергиликтүү уюмдардын вебсайттары:
-Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин сайты http://meteo.kg/
-«МувГрин»  АК http://movegreen.kg/map/ же aba.kg веб тиркемесинде, ошондой эле www.airkaz.org сайтында
Дүйнөлүк платформалар:
-World Air Quality Index на www.aqicn.org›map/world/ru/ или www. waqi.info›ru/,
-AirVisual на www. iqair.com›ru/world-air-quality же  AirVisual веб-тиркемеси,
-PurpleAir на https://www.purpleair.com/map),
-Lufdaten.info на https://maps.sensor.community/

Эгер кимдир бирөө таштандыларды жана резиналарды өрттөп жаткандыгын көрсөңүз, анда тезинен кабарлап коюңуздар - биз аларга чара көрөбүз!

Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы:  0705 564756

Мыйзам бузууларды билдирип, шаардыктардын ден-соолугун коргоого жардам берген камкор жарандарга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек сүйүктүү шаарыбыз!