Биринчи май райондук администрациясы  райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери жана ИИБнын жашы эете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы,  прокуратура жана мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясы менен биргеликте Балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында салттуу рейд өткөрүштү.

Райондогу  базарлар жана унаа жуучу жайлары текшерилди.  Тилекке каршы, иштеген эки өспүрүм Сары-Өзөн базарынан табылды. Балдар жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери  жүргүзүлдү.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз балдардын зордук-зомбулугуна же кайыр сурагандыгына күбө болсоңуз, анда дароо 102 милиция  кызматына чалып, бизге, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмдөрүнө билдириңиздер:

Октябрь району: 510375, 0772637987 Назгүл Солтонбаева;
Ленин району: 883899.0502021404 Нуриза Сталбеков;
Свердлов району: 530576, 0706821676 Тамара Акжолтоева;
Биринчи май району: 670386, 0553 225 905 Айбек Бекетаев;

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү  министрлигинин ишеним телефону: 111

Сураныч! Өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!