"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кол менен жана механикалык жолу менен Биринчи май жана Свердлов райондорунда коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоодо.

26-ноябрга карата Профессор Зимы көчөсү ЧЧК каналынан тарта  Васильев көчөсүнө чейинки 800 метр жолу тазаланды. Тазалоочу жумуштар "Ала-Арча" дарыясынан «Кыргызстандын 40 жылдыгы” көлчөсүнө чейин жүргүзүлдү.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда техниканын жардамы менен Дзержинский көчөсү Фере көчөсүнөн  Ак-Тилек көчөсүнө чейинки коллектордук-дренаждык түйүндөрү жана "Ак-Тилек" конушундагы ЧЧК тартып Ак-Тилек көчөсүндөгү  Мажүрүм тал көчөсүнө чейин анча чоң эмес бөлүк тазаланды.

Азыр биз Карагачев көчөсүн Фере көчөсүнөн Суусамыр чолок көчөсүнө чейинки канал жана «Дордой-2» конушундагы айланма жолун тазалап жатабыз.

Эске салсак, ачык жана жабык ЧЖБЧ тазалоо иш-чаралары жылына эки жолу жүргүзүлүп келет. Негизги иш Биринчи май жана Свердлов райондорунун турак жай конуштарында жүргүзүлөт. Табигый жер кыртышындагы суулардын деңгээли дал ушул аймакта болгондуктан, каналдардын нугу көп учурда камыштар менен өсүп, эриши пайда болот.

Жабык коллектордук жана дренаждык түйүндөрдүн иштөө абалындагы негизги көйгөйлөр жергиликтүү жашоочулардын аларга туташуусунан келип чыгат, алар тиричилик таштандыларын агызып, аларды тутумдуу түрдө жаап салышат. Дренаждык тармактар жайгашкан аймакка тосмолорду уруксатсыз орнотуу жана кудуктарды каптап турган капкактарды уурдоо менен иш татаалдашууда.

Белгилей кетсек, 80 кмден ашык тармактарды «Бишкекжашылчарба» ишканасы тейлейт.

Коллектордук-дренаждык тутум - бул аймакты ашыкча нымдуулуктан коргоого арналган, бири-бирине туташтырылган түтүкчөлөрдүн (дренаждардын) жана дренаждык скважиналардын тармакташкан структурасы. Дренаждык тутумдун жардамы менен кыртыштын суу балансын жөнгө салуу маселеси чечилип, имараттар, өсүмдүктөр жана жер ээлери үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Урматтуу шаар тургундары! Сиздерди ирригацияга жана   муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууга чакырабыз. Анткени, ирригация - бул бак-дарактарды сугаруу борбору.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!