Шаар ишин улантууда. Күз-кыш мезгилинин келиши  менен ар бир райондо 2020-2021-жылдардагы жылытуу мезгилинен өтүү боюнча штабдар дайыма өткөрүлүп турат.

Ленин районунун акимиаты жана акимдин орун басары Аскат Карынбаев менен биргеликте биз суук мезгилге карата даярдыкты талкууладык.

Катуу отундун камдалышына жана отун базаларында көмүргө болгон баалардын динамикасына текшерүү туруктуу негизде жүргүзүлүүдө. Айта кетсек, райондун аймагында 4 отун базасы бар жана көмүрдү сатуу боюнча 16 стационардык жай иштеп жатат. Көмүргө болгон баа туруктуу, запастар бар.

1.315 үй-бүлө көмүрдү сатып алууга акчалай компенсация түрүндө жылуу колдоолорду алышты. Ал эми "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы  тарабынан 150 үй-бүлөгө отун берилди.

Шаар тургундарын абанын булгануусунан коргоо максатында райондук акимиат санитардык-экологиялык инспекция менен биргеликте тигүү жана тиричилик калдыктарын, резина жана таштандыларды өрттөөгө каршы рейддерди дайыма өткөрүп турат.

26-ноябрга карата КРнын  «Бузуулар жөнүндө» Кодекси боюнча  114 протокол түзүлгөн, алардын ичинен белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө беренеси боюнча 50 протокол 572,2 миң сом суммасында, ал эми көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 70-берене боюнча 502,0 миң сом суммасында 64 протокол түзүлгөн.

Күзгү көчөттөрдү отургузуу иштери  улантылууда. Бишкек шаарынын "Ак-Ордо" жаңы конушунда "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын  кызматкерлери тарабынан 400дөн ашык бак-дарактар отургузулду. Анын ичинен: туя – 93 даана, ак кайың – 202 даана, самшит – 48 даана, спирея – 12 даана, гибискус – 76 даана.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы ар дайым байланышта! Бардык көйгөйлөрдү мэриянын колл-борбору 1840 жана 1850 номерлери аркылуу кабыл алат, көйгөйлөрдүн сүрөт жана видеолорун WhatsApp  колдонмосу аркылуу 0554 182-185 номерине жибериңиздер.

Сураныч, өзүңүздөргө жана жакындарыңыздарга кам көрүңүздөр!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!