Шаар өз ишин улантууда. Ленин акимиатынын атайын команда күн сайын Ош базарынын айланасында жана райондо стихиялуу соода менен күрөшүп келет.

Биз бүгүн салтка айланган рейдге чыктык. Жыйынтыгында Киев, Бейшеналиева, Кулиев жана Токтогул көчөлөрү  мыйзамсыз соода түйүндөрүнөн тазаланды. Стихиялык соода менен алектенген ишкерлерге карата, КРнын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 120-беренесине ылайык эки протокол түзүлүп, 20дан ашык жеңил салмактагы объектилер алынды.

Бул багыттагы иштер улантылууда.

120-берене. Автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу.

Автомобиль жолуна бөлүнгөн тилкедеги участокту айдоо, тигилген бак-дарактарды кыюу же сындыруу, чымдарды же кыртышты оюп алуу, чоң жолго кошулуучу жолдорду өзү билемдик менен куруу же бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өнөр жайлык, мелиорациялык сууларды жана агынды сууларды суу бургуч курулмаларга жана резервдерге агызуу, жолдо, көчөдө тоскоолдуктарды түзүү, жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода точкаларын, тамактануу жайларын, сервистерди же жарнак такталарын, паннолорду, афишаларды, транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү куруу же уюштуруу -2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!