Бүгүн  №70-мектептин базасында СТЕМ ЮНИСЕФтин "Илимдеги кыздар" долбоорунун бет ачары болуп өттү.

Жолугушууга борбордогу мектептердин директорлору, шаардык мэриянын билим берүү башкармалыгынын адистери, Р.Отунбаеванын демилгелер эл аралык фондунун өкүлдөрү жана долбоордун координаторлору катышты.
Долбоордун алкагында 7-11-класстын окуучулары республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдануу, STEM адистиктери боюнча атайын окуу программасынан өтүшөт.

STEM –  Science, Technology, Engineering, Mathematics - илим, технология, инженерия жана математика. STEM түшүнүгү бири-бири менен тыгыз байланышкан бир катар тармактарды бириктирет: математика, физика, химия, биология, астрономия ж.б. Алардын ар бириндеги терең билим, ошондой эле инженерия, робототехника жана башка прикладдык сабактар жаңы технологияларды иштеп чыгууга, программалык камсыздоону түзүүгө, татаал шаймандарды курууга мүмкүнчүлүк берет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!