Бүгүн, шаардын активдүү жашоочулары, "Нурлуу кайрымдуу кыздар" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү турмуштук оор кырдаалда турган аялдар жана балдар үчүн, ошондой эле "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн кийимдерди таратуу жарманкесин өткөрүштү.

Жарманкеге  7 миңге жакын жаңы кийимдер, буюмдар коюлуп, иш-чарага Дордой базарынын ишкерлери жана жергиликтүү тигүү цехтери кошулган.

Уюштуруучулардын айтымында, мындай акциялар улана берет.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык жарандарга пандемия мезгилинде эбегейсиз чоң колдоо көрсөткөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!