27-ноябрда, 94 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Крупин Юрий Борисович көз жумду.

Юрий Борисович 1926-жылы 23-мартта Украин ССРинин Никополь шаарында туулган. Согуш аракеттеринде ал транспорттук учактар менен радио байланышын камсыз кылып, курал-жарак, снаряд, кийим-кече жана тамак-ашты фронтко жеткирип турган.

Юрий Борисович жаш муундарды адеп-ахлактык жана патриоттук тарбиялоого чоң салымын кошуп, ар дайым Октябрь районунун турмушуна активдүү катышып келген.

Ардагер "Германияны жеңгендиги үчүн", "Аскердик артыкчылыгы үчүн" медалдары жана Жуков медалы менен сыйланган.

Октябрь районунун башчысы Данияр Арпачиев Юрий Борисовичтин туугандары менен жолугушуп, райондук  администрация үй-бүлөсүнө 20 миң сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөттү.

Бишкек шаарынын мэриясы Юрий Борисовичтин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен  көңүл айтат. Жаткан жери жайлуу болсун.

Бишкек шаардык мэриясы