Шаар өз ишин улантууда. Нөшөрлөгөн жаан-чачынга жана карга карабастан, "Шаардык сейил бактар" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы коомдук жайларды жигердүү карап жатат.

Тилекке каршы, жаңы курулган сейил бактарда дагы отургучтар сындырылып жатат, биз отургучтарды оңдоп, иретке келтирип жатабыз.

Шаардык ресурстарды оптималдаштыруу үчүн биз «Шаардык сейил бактар» муниципалдык ишканасынын  алдына жыгач устаканасын ачтык.

Куураган жана авариялык абалдагы кыйылган бак-дарактардын ашкандары биздин цехке жөнөтүлөт. Эми отургучтарды оңдоо үчүн жыгачтарды өзүбүз жасай алабыз. Буга чейин 40тан ашуун отургучтар оңдолуп, ага  бир сом да бюджеттен коротулган  эмес.

Урматтуу шаардыктар жана борбордун коноктору! Шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин баалап, муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоону суранабыз! Кантсе да, шаарыбыз биздин жалпы үйүбүз!

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!