Жаңы жылга бир ай убакыт калды. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, быйыл жаңы жылдык майрамдар жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөйт. Бирок биз жөн гана шаар тургундарына жаңы жылдык маанай тартуулашыбыз керек.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үч жаңы жылдык балатынын: өлкөнүн башкы балатысы "Ала-Тоо" борбордук аянтына узундугу 25 метр, Ак үйдүн жанына 15 метр жана Т. Сатылганов атындагы  Кыргыз Улуттук филармониясынын алдына 11 метр балатынын каркастарын орнотууга киришти. Орнотууга  30 кызматкер тартылган, монтаждоо иштери үч күндө бүткөрүлөт, андан кийин  "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери балатыны кооздоп баштайт.

"Бишкекжарык" ишканасынын кызматкерлери  шаарды кооздоп баштады, ушул тапта шаардын башкы жарыктандыруучулары Чүй проспектисин Жаш Гвардия бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейинки  аралыгында жылдыз, глобус, шар түрүндөгү жаңы жылдык баннерлерди илип жатышат.

Ал эми Абдрахманов көчөсү жана Манас проспектиси фейерверк түрүндө жаңы жылдык инсталляция менен кооздолот.

Белгилей кетсек, биз бул жылы эски жасалгаларды колдонобуз, алардын көпчүлүгү былтыр өзүбүздүн цехте жасалган. Жаңы жылдык майрамдардан кийин биз аларды кылдаттык менен сактап койгонбуз.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!