Эпидемиологиялык кырдаал.

2020-жылдын 30-ноябрына карата Бишкек шаарында коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 24 279 түздү же республика боюнча жугузуп алгандардын 33,4% (Кыргыз Республикасында - 72 807). Анын ичинен 13 205 адам коронавирус инфекциясын жуктуруп алган жана 11 074 пневмония менен ооруган.

13 205 20 коронавирустук инфекциянын учурларынын ичинен 10 638 адам (80,5 %) шаардык даректер боюнча жашайт, 2 472 (18,7 %) шаардын тышынан келгендер.

Коронавирус инфекциясына чалдыккан 13 205 учурдун жаш курак категориясы:
0 дон 18 жашка чейин - 883 (6,7%)
18ден 30 жашка чейин - 2 731 (20,7 %)
30 жаштан 60 жашка чейин - 6 930 (52,4 %)
60 жаштан жогору – 2 661 (20,1) %)

Коронавирустук инфекция менен ооругандарды кабыл алуу үчүн Бишкек шаарында 1 151 койка орундуу 12 оорукана иштейт. 2020-жылдын 30-ноябрынын саат 20.00 го карата бардыгы болуп 1 151 койка-орун бар, 854 адам медициналык жардам алып жатышат,  бош 297 койка орун бар.

Калкка ыкчам медициналык консультация берүү үчүн коронавирустун илдетти аныктоо маселелери боюнча 2020-жылдын 10- октябрынан баштап "118"  байланыш иши калыбына келтирилген. Бардыгы болуп 2020-жылдын 10-октябрынан  баштап 8 104 телефон чалуу келип түшкөн, алардын ичинен 4 544ү коронавирустук инфекция боюнча.

Өзгөчө жана кризистик кырдаалдар мезгилинде үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга шашылыш комплекстүү жардам берүү үчүн мобилдик топтор түзүлгөн.

Ишкердиктин субъекттеринин ишин кайра баштоо жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык чөйрөнүн объектилеринин ишин жандандыруу жөнүндө" жана Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдоруна ылайык, ишкерлердин бир нече ирет кайрылууларын эске алуу менен, ишкердик субъектилеринин (кинотеатрлар, фуд-корттор, компьютердик клубдар жана башка көңүл ачуучу мекемелер) иш-аракеттери бүгүнтөн баштап жанданды.  

Ошол эле учурда, менчиктин түрүнө карабастан, борбор калаада өзгөчө кырдаал учурунда иш-чараларды жүргүзүп жаткан ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерине бардык шарттарды жеринде уюштуруп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы №244 токтому менен бекитилген Убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоону эскертебиз:
- күн сайын иш башталардын алдында «кирүү фильтрин» уюштуруу;
- ишкананын кире беришинде максаттуу арналыштагы антисептиктер же дезинфекциялоочу салфеткалар менен колду тазалоону уюштуруу;
- кызматкерлер жана келүүчүлөр үчүн бет кап тагынуу режимин киргизүү;
- абаны тез-тез алмаштырууну камсыздоо;
- кинотеатрлар, интернет-клубдар кызматкерлер жана келүүчүлөр арасында бет кап режимин сактоону, кардарларды шахматтык тартипте олтургузууну камсыздоо;
- коомдук тамактандыруу түйүндөрү, көңүл ачуучу жайлары келүүчүлөрдүн санын олтуруучу орундарынын жалпы санынын 50%дан ашпаган санда чектөө.

Коррупциянын көрүнүштөрү аныкталган учурда, Бишкек шаардык мэриясынын коррупцияга каршы күрөшүү секторуна 61-07-75 телефон номуру аркылуу кайрылыңыздар.

Коомдук иш-чараларга дагы деле тыюу салынат! ДССУнун аныктамасына ылайык, эгерде анын катышуучуларынын саны жергиликтүү саламаттыкты сактоо тутумунун саламаттыкты сактоо кызматын уюштуруу жана көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнөн ашып кетсе, иш-чара массалык иш-чара деп эсептелет.

Мында катышуучулардын саны гана эмес, иш-чара өтө турган жер жана узактыгы дагы эске алынышы керек.

Соода жайларынын, базарлардын, дүкөндөрдүн, таксилердин, коомдук транспорттун ишкерлерине жана менеджерлерине өзгөчө көңүл бурулат, эгерде аларда инфекциянын очогу табылса же санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана стандарттарды этибарга албаса, иш-аракеттерди убактылуу чектөө менен жазалар колдонулат.


Постановление О мерах по предотвращению распространения коронавирусной инфекции.pdf