COVID-19 пандемиясынын өзүн-өзү изоляциялоо режими көптөгөн терс кесепеттерге алып келип, тилекке каршы, аялдар, балдар зордук-зомбулукка жана кордукка кабылууда.

Өзгөчө кырдаалда жана кризистик кырдаалдарда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганда, ар тараптуу тез жардам көрсөтүү боюнча Октябрь райондук мобилдик тобу өз ишин улантууда.

Октябрь райондук администрациясы Кыргыз Республикасындагы БУУнун Калк Фонду менен Кризистик Борборлор Ассоциациясы жана Улуттук Кызыл Ай Коому менен биргеликте мобилдик топтордун мүчөлөрү үчүн тренинг өткөрүштү.

Эксперттер РИИБге билдирүү түшкөндө жана үй-бүлөлүк зомбулук фактысы болгон жерде иш-аракеттердин алгоритминин өзгөчөлүктөрү жөнүндө, чыныгы иштин негизинде айыпталып жаткан жабырлануучу менен сүйлөшүү жүргүзүү ыкмалары жөнүндө кеңири айтып беришти.

Тренингге муниципалдык администрациянын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери, ошондой эле ИИБнын улук кызматкерлери, РИИБдин жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору, нөөмөт бөлүмүнүн жана ИИМдин сурап-билүү кызматынын кызматкерлери катышты.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!