Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен кезектеги пландык кеңешмеси өткөрүлдү.

Биз аткарылып жаткан ишибизди жана 2021-жылга карата шаардын перспективдүү планын талкууладык.

Биринчи кезекте шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы дайындалган кызматкерлерди жана жетекчилерди жамаатка тааныштырды, алардын ичинде:

Бош административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөө  сынагынын жыйынтыгы боюнча Анарбеков Абдес Сыпарбекович Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси кызматына дайындалды, ал буга чейин аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып келген. Камчибекова Мырза-Айым Афтандиловна Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Осмонов Асхат Арысланбекович мэрдин милдетин аткаруучунун кеңешчиси,  «Бишкек санитардык полигон» муниципалдык ишканасынын башчысы Наматов Нурлан Аманович, анын орун басары болуп Медербеков Тынчтык Муратбекович дайындалды. «Бишкекнаабайкана» муниципалдык ишканасын Курпердиев Адилет Абдымиталипович жетектейт. Жер ресурстар башкармалыгынын башчысынын милдети убактылуу Турдугулов Бакай Болотбековичке жүктөлөт. Ал ушул эле башкармалыктын юридикалык бөлүмүнүн башысы болуп эмгектенип келген. Жер ресурстар башкармалыгынын мурдагы башчысы Азамат Сагындык уулу эми калаанын жер саясаты, курулуш жана архитектура боюнча вице-мэри кызматын аркалайт.

Аткарылган иштер жана пландар боюнча калаанын биринчи вице-мэри Алмазбек Бакетаев жана транспорт жана муниципалдык мүлк боюнча вице-мэри Азиз Алымкулов отчет беришти. Райондордун салыктык кирешелер боюнча пландын аткарылышы 87-96% ды түзөт, Свердлов районунда план  эң аз аткарылган.

Корголуучу беренелер боюнча бардык чыгымдар өз убагында жүргүзүлүүдө, башка милдеттүү төлөмдөр бюджетке киреше түшкөндүгүнө жараша жүргүзүлөт.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын кароосуна жергиликтүү бюджетти 2021-жылга жана 2022-2023-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндө БШКнын токтомунун долбоору сунушталды.

Вице-мэр Азиз Алымкулов транспорттук тутумду жана инфраструктураны кайра түзүү долбоорун сунуштады.

А.Алымкулов бирдиктүү орган- Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана транспорттук инфраструктура департаментин түзүү сунушун киргизди. Бүгүнкү күндө шаардык транспорт башкармалыгы үч уюмга жооп берет: шаардык транспорт башкармалыгы, Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы жана Бишкек троллейбус башкармалыгы.

Шаар тургундарынын коопсуздугун дагы да жогорулатуу жана шаардын бюджетин толтуруу үчүн департамент жүргүнчү ташуучу таксилердин ишин жөнгө салууга ыйгарым укуктуу болот.

Мисалы, борбор калаада 19 такси кызматы катталган, анда 11,5 миңден ашык такси иштейт. Бишкек шаарындагы салык кызматынын маалыматы боюнча, быйыл жалпы суммасы 4 миллион 792 миң сомго такси кызматын көрсөтүүгө 9.270 патент гана берилген, калгандары уруксатсыз иштеп келет.

Бирдиктүү транспорттук инфраструктура саясатын түзүү, светофорлорду кароого кеткен чыгымдарды азайтуу үчүн департамент аялдамаларды курууга жана жол кыймылын жөнгө салууга бирдиктүү тапшырыкчы  катары чыгат.

Ошондой эле, бирдиктүү депртамент иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу, унаа туруктарын жана токтотмолорун уюштуруу, “Коопсуз шаар” долбоорун координациялоо, коомдук транспорттун кыймылынын схемаларын камсыз кылуу үчүн МЖӨ киргизүү жана Бишкек шаарында каттамдарды бөлүштүрүү боюнча сынак өткөрүү боюнча иш алып барат.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!