Борбор калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев КРнын бизнес -акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолугушту.

Робин Орд-Смит бизнес-акыйкатчысы  институтунун ишмердүүлүгү жана ишкердик субъекттеринин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле мамлекеттик органдар менен иштөөнүн ачыктыгын жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бизнес-акыйкатчы  менен жергиликтүү бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кызматташтыкты тереңдетүүгө, ошондой эле борбор калаада ишкер чөйрөнү жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерди колдоого даяр экендигин билдирди.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!