Бишкекте Панфилов дивизиясынын жоокерлерин эскерүү митинг-реквием болуп өттү. Иш-чарага Биринчи май районунун башчысы Максат Нусувалиев, Россиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин, Россия кызматташтыгынын өкүлдөрү, ардагерлер жана жаштар уюмдары катышышты.

Баатырларды эскерүү митинги генерал-майор И.В.Панфиловдун эстелигине гүл коюу менен коштолду.
Андан кийин Ооганстандагы согуш ардагерлеринин республикалык кеңешинин музыкалык тобу согуш жылдарындагы ырлар менен өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Баса, быйыл биз Кызыл Армиянын каршы чабуулунун 79 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул согуш жылдарында Фрунзе жана Алма-Ата шаарларындагы Кыргызстан жана Казакстан тургундарынан турган, Кыргыз ССР аскер комиссары, генерал-майор Панфиловдун командасы алдындагы 316-аткычтар девизиясынын жоокерлеринин эмгеги.

Бишкек - баатырлардын сүйүктүү шаары!