Түштүк-батыш көрүстөнү 2021-жылдын 1-январында жабылат.

Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Жабылышына сөөктү көмүү үчүн берилген жер тилкелеринин жоктугу, "Ала-Арча", "Жер-Ынтымагы" конуштарынын жашоочуларынын көрүстөндү жабуу өтүнүчү жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын корутундулары менен кайрылуулары себеп болду.

Маркумдар көмүү үчүн жер Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Грозд айылында берилет.