СЭИ инспекторлорунун кезектеги текшерүүсүндө А.Токомбаев көчөсү №27/1 дарегинде жайгашкан техникалык тейлөө станциясынын кызматкерлери санитардык нормаларды сактабай, шаарды көрктөндүрүү иштерин бузушкандыгы аныкталды. Имараттын түндүк-чыгыш тарабына таштандылар чогултулган.


«Соӊ-Көл» ресторанынын айланасына (Шабдан Баатыр №1д) кызматкерлери тарабынан белгиленбеген жерге курулуш таштандылары ташталгандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан СТОнун ижарачысы Жанабиров А. жана «Соӊ-Көл» ресторанынын администраторунун атына кемчиликтерди четтетүү эскертүүсү берилди. Эскертүүнү аткарууга эки күн убакыт берилди.


Маселе Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын көзөмөлүндө турат.