Шаардык мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 46-беренесине ылайык, «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасынын башчысы  Өмүрзаков Артур Туратбекович, Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Атыканов Нурлан Качкынович ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.