Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгында Билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиеванын, райондук акимдердин орун басарларынын, райондук билим берүү борборлорунун жетекчилеринин жана атайын мектептердин директорлорунун катышуусунда социалдык саясат боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаеванын жумушчу жолугушуусу өткөрүлдү.

Биз COVID-19 пандемиясынын шарттарын милдеттүү түрдө сактоону эске алып, атайын мектептердин жана атайын бакчалардын ишин жандандыруу маселесин талкууладык. Бул учурда, ар бир атайын билим берүү мекемесинде бардык санитардык стандарттар так сакталат: кирүүчү чыпкаларды милдеттүү түрдө орнотуу, класстарды, жайларды системалуу түрдө желдетүү, маска режимин сактоо жана ар бир бала, мугалим үчүн ден-соолук журналын жүргүзүү.

Ошондой эле, жолугушууда жеке менчик билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү пандемия учурунда тажрыйбасы менен бөлүштү.

А.Чыныбаева өзгөчө Бишкек шаарынын тургундарынын ата-энелеринин көптөгөн кайрылуулары боюнча, атайын бала бакчалар жана атайын мектептер иштей баштарын белгиледи.

Ошол эле учурда, ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр өздөрү сабактын өтүү режимин тандай алышат. Алар чечимдерин онлайн режиминдеги ата-энелер чогулушунда билдирүүлөрү  керек.

Белгилей кетсек, үч атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын чатыры оңдолуп, батареялар жана жылуулук трассалары алмаштырылууда.

Адистештирилген мектептердин жана бала бакчалардын бардык кызматкерлери ПЦР анализин тапшыргандыктарын белгилей кетүү керек.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!