Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы  муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөбөй калгандар менен иштөөнү улантууда.

Ижарачы Б.А.га 2012-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, аянты 2015 чарчы метр аянтты ээлеген М. кызматтык жайлары бар көп кабаттуу турак үйдү куруу үчүн 5 жылдык мөөнөткө берилген. Андан бери эч кандай төлөм жүргүзүлбөй, бүгүнкү күндө карызы 2 миллион 109 миң 238 сомду түздү.

2020-жылдын 14-декабрында Октябрь райондук соту шаардык бюджетке карызды төлөө боюнча муниципалитеттин пайдасына чечим чыгарган.

2004-жылы Ш.Баатыр көчөсү 1/1 дарегиндеги "Электротехник" акционердик коому аянты 88 миң чарчы метрди ижарага 49 жылдык мөөнөткө өндүрүш комплекси үчүн алган.

Бирок ижарачы төлөмдөрдү төлөөдө бир катар мыйзам бузууларга барып,  бизди сотко кайрылууга мажбур кылды, анткени карыздын суммасы 4 миллион 841 миң 550 сомго жеткен.

Октябрь райондук соту талапты толугу менен канааттандырып, карызды төлөөгө милдеттендирди.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын убагында төлөп берүүңүздөрдү суранабыз.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына  Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефон: (0312) 45-42-73 же WhatsApp 0701012555 боюнча байланышсаңыз болот.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!