Борбор калаанын инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча ишибизди улантып жатабыз.

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүнө канализация жана суу менен камсыздоо тутумун курууга тендер жарыялайт. Тендердин техникалык шарттары жана башка шарттары жакында мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланат.

Капиталдык курулуш башкармалыгы "Бишкексууканал" башкармалыгы менен биргеликте курулуш иштеринин эки бөлүмүн бириктирүүнү чечишти.

Масалиев көчөсүнүн  Асаналиев көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин диаметри 1000 мм болот түтүктөрүнүн узундугу 5 км 500 метрлик канализация коллекторун куруу пландаштырылууда, ал эми Ч.Айтматов проспектиси менен Чоң Чүй каналынын (БЧК) түштүк тарабынан жана ЧЧКны бойлой диаметри 600 мм болгон коллекторуна түтүктөр орнотулат.

Суу менен камсыздоо тутумунун узундугу 4 км 200 метр диаметри 720 мм, Токомбаев көчөсүнүн  Сухэ-Батор көчөсүнөн  Ала-Арча дарыясынын жээгине жана Ч.Айтматов көчөсүнө чейин 426 мм, 377 мм жана 273 мм болот түтүктөр болушу керек.

Долбоордун наркы 165 миллион 742 миң 545 сомду түзүп, иштер жердин ээлеринин эсебинен каржыланат.

Жумуш Бишкек шаарынын мэриясынын "Бишкек шаардык  инженердик камсыздоо тутумдарын долбоорлоо жана куруу жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.

Бишкек - инфраструктуралык шаар!