Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгы муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын төлөбөгөндөр менен иштөөнү улантууда.

2006-жылы "И.М.С." компаниясы менен Бишкек шаарынын түштүк-чыгыш турак жай конушунун эксперименталдык өнүгүүсүн жүзөгө ашыруу жана сынамык долбоорду иштеп чыгуу үчүн жер тилкесин пайдаланууга ижара келишими түзүлүп,  49 жылга 2,8 га аянт жер тилкеси берилген.

Бирок 2010-жылдан бери шаардык бюджетке ижара акысы түшө элек, бүгүнкү күндө карызы 8 миллион 209 миң 481 сомду түзөт.

Биз сотко кайрылууга аргасыз болдук.  2020-жылдын 21-декабрында Биринчи май райондук соту доо арызды канааттандырып,  муниципалитеттин пайдасына чечим чыгарды.

Урматтуу ижарачы ишкерлер! Муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын убагында төлөп берүүңүздү суранабыз.

Бардык суроолор боюнча Бишкек шаардык мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгына  Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246 дареги боюнча, телефон: (0312) 45-42-73 же WhatsApp 0701012555 номери аркылуу байланышсаңыздар болот.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!